03:30
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

Жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана аттестат акысыз берилет

Жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мектеп жетекчилигинин жана башка жактардын мамлекеттик үлгүдөгү бул документтер үчүн акча талап кылууга укугу жок.

Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына 50 сом, артыкчылыгы менен аттестат дубликаты үчүн 50 сом, күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт.

2024-жылдан тарта министрлик тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди санариптештирүү башталды. Учурда өлкө боюнча 10 мектепке апробация жүргүзүлүп жатат: жети облустан бирден мектеп, эки республикалык деңгээлдеги шаардан бирден мектеп жана бир жеке менчик мектеп. Ошондой эле электрондук аттестаттарды жана күбөлүктөрдү толтуруу боюнча ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине семинарлар өткөрүлдү.

2023-2024-окуу жылында өлкө боюнча 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 128 миңден ашуун, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 73 миңден ашуун.

Эң көп окулган жаңылыктар