Кыргызстанда кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында WorldSkills жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан 2023-жылы WorldSkills International уюмуна 86-өлкө болуп киргенин белгилеп, бул жаш адистерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берерин айтты.
«Ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасындагы сынак эки күнгө созулат. Сынакта мыктылардын мыктысы тандалып, Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык мелдеште Кыргызстандын желегин желбиретип келе тургандарына ишенем», — деди ал.
Сынакка WorldSkills жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын аймактык турунда жеңишке жеткен окуучулар катышууда. Сынактын жеңүүчүлөрү 22-февралда аныкталып, аларга баалуу сыйлыктар тапшырылат жана 10-15-сентябрда Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык чемпионатка катышууга жолдомо берилет.
WorldSkills — бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.
Кыргызстандагы WorldSkills мелдештеринин уюштуруучулары — Билим берүү жана илим министрлиги, KASEF коомдук фонду, өнөктөштөр — Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү программасы: «Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр» долбоору жана «Айко-Сейко» ЖЧКсы.