16:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн тургундары менен уран кенин иштетүүнү талкуулады

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун активисттери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

 Аталган аймакка чектеш орун алган «Кызыл Омпол» кенин иштетүү планы боюнча талкуу жүрдү.

Тургундарга тийиштүү маалымат берилип, алардын суроолоруна эксперттер жана мамлекет башчысы жооп берди.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары жарандарды турак-жай менен камсыздоо программасы, коррупция менен күрөшүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, жөлөк пул жана дарыгерлер менен мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү, инфраструктуралык объектилерди куруу өңдүү социалдык маселелерди көтөрүштү.

2019-жылдын жазында өлкөдө Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кенин иштетүү долбооруна каршы митингдер болгон. Көптөгөн нааразылык акцияларынан кийин кенди иштете турган компаниянын лицензиясы кайтарылып алынган. Кийинчерээк республикада уран жана торий кендерин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Бул уран кени Кызыл-Омпол тоосунун түндүк тарабында деңиз деңгээлинен 1 миң 640 — 3 миң метр бийиктикте жайгашкан. Аймакта геологиялык чалгындоо иштери 1950-1957-жылдары жүргүзүлгөн.

Тоолор менен курчалган Көк-Мойнок-2 чакан конушу уран кенинен 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. 2019-жылы айылдын калкы болгону 170 кишини түзгөн.

Таш-Булак Кувакы ашуусунун жанындагы кичинекей өрөөн. Ал аркылуу жол жана эки электр линиясы өтөт. Жанында темир жол бар.

Ал эми Көк-Мойнөк туристтик жер. Ал жакка туристтик каттамдар уюштурулган. 

Эң көп окулган жаңылыктар