02:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Татарстанда Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 20-21-февралда Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы Казань шаарында өтө турган «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат. Иш-чаранын алкагында Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун эки тараптуу жолугушуулары өтөт», — деди ал.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат.

Эң көп окулган жаңылыктар