06:49
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Инвестиция жөнүндө мыйзамдар өзгөрөт. Жумушчу топ түзүлдү

Президент Садыр Жапаров инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча эксперттик-жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле туризмди, авиацияны жана лицензиялык-уруксат берүү системасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар изилденет. Бул мамлекеттик органдардын ашыкча контролдук функцияларын алып салуу максатында жасалууда.

Аталган эксперттик-жумушчу топтун курамына президенттин администрациясынын, министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун, «Бишкек» эркин экономикалык аймагы» мекемесинин, Эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү кирет.

Эксперттик-жумушчу топ 2024-жылдын 1-ноябрына чейин өз ишин бүтүрүп, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды президенттин администрациясына киргизүү боюнча тапшырма берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар