21:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда электрондук мектеп ишке киргизилет

Кыргызстанда электрондук мектеп ишке киргизилет. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, ал учурда окуу китептеринин да, мугалимдердин да жетишсиздиги болбойт жана балдар электрондук китептер аркылуу онлайн режиминде билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Азыр буга даярдык жүрүп жатат.

«Мисалы, кайсы бир айылдын окуучусу шаардагы мугалимге математика сабагына каттала алат. Онлайн-режимде платформада сабактын презентациясы болот — аудио жана видеоматериалдар, тема боюнча текшерүү иштери. Окуучу тапшырмаларды аткарып, жоопторун электрондук платформага жөнөтөт жана баа алат. Ошентип, окуучу мугалим тандай алат. Система окуучулардын жоопторун өзү текшерет, ал эми педагог өз материалдарын сайтка гана чыгарып коет», — деп түшүндүрдү электрондук мектептин принцибин Муратбек Касымалиев.

Ал белгилегендей, бул окуучунун өз алдынча иштөөсүн шарттайт.

Эске салсак, 2022-жылдын август айында пилоттук режимде үйдөн билим алган балдар үчүн электрондук мектепти ишке киргизүү ниети тууралуу маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар