06:51
USD 89.43
EUR 96.36
RUB 0.97

Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына жооп берди

Президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына берген жообун жарыялады. Аскат Алагозов аны Facebook тармагындагы баракчасында бөлүштү.

Эске салсак, Энтони Блинкен Кыргызстандын парламенти карап жаткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип, Садыр Жапаровго кат жолдогон. 9-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президенттин Энтони Блинкенге жооп берген катын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге тапшырган.

Садыр Жапаров Энтони Блинкендин 17-январдагы жазган катын алгандыгын белгилеп, өткөн жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында болгон С5 + 1 саммитинин жыйынтыгына жогору баа бергендиги үчүн терең ыраазчылык билдирип, көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча биргелешип иш жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.

Ошол эле учурда тилекке каршы, сиздин катыңыздын мазмунунда биздин мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин белгилейм.

Садыр Жапаров

«Сиз «мурдатан эле региондо Кыргызстандын жарандык коому абдан күчтүү жана өлкөдөгү демократиянын маанилүү бөлүгү болуп келген» деп жазгансыз. Албетте, бул туура. Мен сиздин пикирге кошулуп гана тим болбостон, адилеттүүлүккө жана эркиндикке умтулуу биздин элибиздин канында бар деп өзгөчө баса белгилейм. Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу сиздин кооптонууңуз боюнча төмөнкүлөрдү билдирем. Чынында, бул мыйзам долбоору «Айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга, Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасыны мыйзамынын долбоору деп аталат. Ал Жогорку Кеңештин (парламенттин) депутаттарынын тобу тарабынан демилгеленген. Анда өткөн кылымдын аягында, 1999-жылы кабыл алынган «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» колдонуудагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Азыркы учурда бул мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасында иштеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналат», — деп айтылат катта.

Бүгүнкү күндө он миңдеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат.

Ошол эле учурда өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евросоюз өлкөлөрүнөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда.

Садыр Жапаров

«Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар. Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат. Жогорку Кеңештин (парламенттин) депутаттары демилге кылган жана биринчи окууда кабыл алган мыйзам долбоорунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдун ишине байланышкан жоболор киргизилүүдө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын ресстрин жүргүзөт деген ченем каралууда. Ошол эле учурда кыргыз парламентинин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин баса белгилейм», — деп жазган Садыр Жапаров.

«Белгилүү болгондой, FARA мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган. Каттоодон кечиксе же баш тартса административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат деп турат.Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат: эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт? Блинкен мырза, соңку үч жылда Кыргызстанда көп нерсе жакшы жагына өзгөрдү», — деп жазылган катта.

Президент Кыргызстандын жасап жаткан кадамдарына эл аралык коомчулук жакшы деген объективдүү баа берүүдө экенин белгиледи. Азыркы мезгилде Кыргызстан Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда дүйнөдөгү 166 өлөкөнүн ичинен 45-орунду ээледи, 2030-жылга карата 30 мыкты өлкөнүн катарына кирет деген ниет бар.

Өлкө башчысы жакшы өзгөрүүлөрдү мекендештер да сезип жатканын, алардын келечекке болгон ишеними артып, бакубат жана байгер жашоого өтүүдө экенин билдирди. Мамлекет канчалык бутуна турган сайын, ошончолук жарандык коом менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат. Эл менен бийликтин ортосундагы бекем байланыш Элдик Курултай аркылуу жүргүзүлөт. Министрлер кабинети өлкөдөгү жана коомдогу экономикалык, социалдык жактан өнүктүрүү боюнча стратегиялык маселелерди чечүүдө.

«Ондогон жылдардан бери чечилбей келген көйгөйлүү маселелер көп, бирок бизде мамлекетибизди ылдам өнүктүрүп, мамлекеттик башкаруунун бардык системасын түп-тамырынан бери реформалап, бийликти эл алдында отчет бере тургандай кылабыз деген ниетибиз жана саясий эркибиз бар.Мен президент жана аткаруу бийлигинин башчысы катары коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүп жатам, бул иште адамдын ээлеген абалына, кызмат ордуна, кылган эмгегине, кошкон салымына карабайм. Муну элибиз көрүп турат жана колдоого алып, өзүнүн татыктуу баасын берүүдө. Муну биздин эл аралык өнөктөштөр да көрүп жатат.

Блинкен мырза, чындыгында, биз өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде көп жылдан бери чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн каржылоо алып иштеп келе жаткандардын да ишин кубаттайбыз жана иш жүзүндө колдойбуз.

Биздин негизги талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, анын ичинде Салык кодексинин ченемдери аткарылууга тийиш;
  • өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинин ачык-айкындыгы, алардын салык органдарынын алдындагы отчеттуулугу камсыз кылынууга тийиш.

Коомбуз, мамлекетибиз тигил же бул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмду каржылоо кайсыл булактан жүрүп жатканын жана кандай максаттарга жумшалганын билиши керек. Биздин аларга койгон талаптарыбыз ачык-айкын жана түшүнүктүү, муну коомубуз колдоп жатат, Кыргыз Республикасынын Конституциясына да, ошондой эле биздин эл аралык милдеттенмелерге да туура келет», — деп жазган президент.

Бирок Кыргызстандагы «эркин ЖМК жана ӨЭУ» деген атты жамынгандардын өкүлдөрү мамлекеттик органдар демилге кылган чет өлкөлүк агенттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорлоруна таптакыр каршы чыгышты.

Садыр Жапаров

«Мыйзам долбоорлору Евросоюзга мүчө-мамлекеттердин жана АКШнын салык төлөөчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен каржыланып жаткан бир катар ЖМКлардын жана ӨЭУлардын катуу нааразычылыгын жаратты, себеби алар мамлекет тарабынан салыктык контрол болуп, көмүскө каражаттарыбыз ачыкка чыгып калат деп коркууда. Мыйзам долбоорлорун сындоого Евросоюз, ПРООН, ОБСЕ, ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдар, Евросоюздун жана АКШнын элчиликтери, кыргыз ЖМКлардын жана ӨЭУлардын донорлору, чет мамлекеттердин депутаттары жана саясатчылары кошулду. Ушуга байланыштуу менин жеке тапшырмам менен президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги Марат Укушов 2023-жылдын июлунун орто ченинде АКШнын Элчиси Лесли Вигери, ошондой эле Евросоюз өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчилери менен брифинг өткөрдү. Ушул жолугушууларда Кыргызстандын президентинин администрациясынын өкүлдөрү элчиликтердин өкүлдөрүнүн кооптонуусун жараткан бардык маселелер боюнча толук түшүндүрмө берди, мыйзам долбоорлорунун эл аралык-укуктук документтер менен салыштырма талдоосун көрсөттү», — деди Садыр Жапаров.

Президент мындан тышкары 2023-жылдын жайында мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча тегерек столдор жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, парламенттин депутаттарынын, президентинин администрациясынын, министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөнүн белгиледи. Ушул иш-чараларда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорлоруна байланыштуу жана анын эл аралык-укуктук документтерге туура келүүсү боюнча бардык маселелерге түшүндүрмө берген.

Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык мамлекет өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын уставдык ишине кийлигишпейт жана кийлигишүүгө умтулбайт.

«Ошондуктан бул мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, кантип ал сиз жазгандай: «АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өкмөттүк эмес уюмдар ишке ашырып жаткан программалар аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу жашоо үчүн маанилүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жарандарыбыздын алуусуна коркунуч жаратары» мага түшүнүксүз болууда? Сынга кабылган мыйзам долбоорлору кылмыштарды болтурбоо, адамдардын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, кадыр-баркын жана укуктарын коргоо максатында улуттук коопсуздуктун же коомдук тартиптин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон учурларда идеяларды, маалыматтарды алуунун жана таратуунун эркиндиги мыйзам менен чектелиши мүмкүн деген төмөнкү эл аралык укуктун ченемдерине жана жалпыга таанылган принциптерине таянат:

  • Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европа конвенциясы (10-берене);
  • Адамдын укуктарынын жалпы декларациясы (29-берененин 2-пункту);
  • Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (19-берененин 3-пункту жана 20-берене);
  • Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (10-берене);
  • Жалпыга маалымдоо каражаттары жана адам укуктары жөнүндө Европа Кеңешинин Декларациясы (1970-жыл) жана башкалар.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн экендигин баса белгилейм (23-берененин 2-бөлүгү). Башкача айтканда, бул укуктарда биз АКШдан же дүйнөдөгү башка мамлекеттерден айырмаланбайбыз», — деп билдирген катта мамлекет башчысы.

«Блинкен мырза, ошол эле учурда биздин ынак досубуз жана өнөктөшүбүз болгон Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси катары сиз биздин өлкөдө иштеп жаткан айрым өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын туура эмес маалыматына ишенип алып мыйзам долбоору боюнча өзүңүздүн кооптонууңузду мага билдирдиңиз го деп ойлойм. Тилекке каршы бул сизге биздин өлкөбүздөгү адамдын укуктары жана эркиндиктери, анын ичинде биригүү эркиндиги боюнча реалдуу кырдаал жөнүндө объективдүү пикирди түзүүгө мүмкүндүк берген жок.

Чындыгында өлкөбүздө көпчүлүк өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар татыктуу жана ачык-айкын иштеп жатат.

Садыр Жапаров

Алардын аз гана бөлүгү, чет мамлекеттерден каржыланып жаткан, курулай кыйкырганды билген бир ууч тобу жана алардын айрым өкүлдөрү гана өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө туура эмес маалыматтарды таратып жатышат. Мындан тышкары ушул эле өкмөттүк эмес түзүмдөр көп учурда элдин арасына жалган, туура эмес маалыматтарды таратып, анын айынан жабыр тарткандардын жана жалган жалаага кабылгандардын доо-арыздары боюнча соттук териштирүүлөр болууда. Сотто ишти кароонун натыйжасында жалган маалымат тараткандар доогерлер менен жарашуу жөнүндө өтүнүч берүүгө арагсыз болгон учурлар көп кездешет. Мындай иштер соттордо абдан көп», — деп белгилеген Садыр Жапаров.

Президент соңку отуз жылдын ичинде өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери чет өлкөлүк демөөрчүлөрдөн келген акча каражаттарын «жеп алып», «үй-бүлөлүк ишканага» айланган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын өзүнчө бир катмары пайда болгонун белгилеген (кыргыз коому аларды «грант жегичтер» деп атап койгон). Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында көп жолу жазылганын, зарыл болгон учурда Кыргызстан Энтони Блинкенге тиешелүү маалыматтарды бергенге даяр экенин билдирген.

Ошондой эле Садыр Жапаров өздөрүнүн «кыйынчылыктары» жана «куугунтук көргөндүгү» жөнүндө айтып шылуунчулук кылып, туура эмес маалымат бергендер чет өлкөлүк демөөрчү түзүмдөрдү адаштырып, АКШнын жана Евросоюз өлкөлөрүнүн салык төлөөчүлөрүнүн акчаларын жөн эле коротуп жатышканын айткан.

Ушуга байланыштуу президент АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарды жок дегенде соңку 10 жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылган.

«Урматтуу мамлекеттик катчы мырза, мен берген маалыматтарга жана кепилдиктерге таянып, сиз «америкалык айрым өнөктөштөрдүн» кооптонуусун жоюп, алар мындан ары да Кыргызстандагы ишин улантат деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматуу Блинкен мырза, сизди өлкөбүзгө келип, Кыргызстанда адамдын укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен бекем корголуп жаткандыгын өз көзүңүз менен көрүп кетиңиз деп чакырам. Кыргызстандан сиз дайыма чыныгы досторду табасыз деп ишенем. Ошондой эле биз тең укуктуу кызматташтыкты кубаттайбыз жана бардык өлкөлөр, эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ менен да биргелешип иштөөгө даярбыз деп баса белгилейм. Болгону, менин бир эле өтүнүчүм бар — өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер. Сизге бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм», — деп жыйынтыктаган Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар