«ОДИН ДОЛЛАР» акча алмаштыруучу жайынын 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 6390 лицензиясы кайтарылып алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.
Мындай чечим Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, тактап айтканда лицензияда каралбаган операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн кабыл алынган.
Акча алмаштыруучу жай Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 91, «Цум-2» соода-сатык комплекси, 1-кабат, № L-36 бөлмө дареги боюнча жайгашкан.