23:31
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Өлкөдө зомбулуктан жабыркаган аялдарды колдоо боюнча мамлекеттик борбор ачылат

Эмгек министрлиги Борбордук Азияда «бирдиктүү терезе» принциби боюнча зомбулуктан жабыркаган аялдарды жана кыздарды колдоо боюнча мамлекеттик борбор ачат. Бул тууралуу мекеменин министринин орун басары Жаңыл Алыбаева АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) гендердик теңчилик маселелери боюнча улук координатору Джамилья Бигио айым менен жолугушууда билдирди.

«Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу боюнча Эл аралык эмгек уюмунун № 190 Конвенциясы Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынып, президенттин кол коюусуна даярдалып жатат. Мындан тышкары БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын техникалык колдоосу менен министрлик тарабынан «бирдиктүү терезе» принциби боюнча сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды жана кыздарды колдоо боюнча мамлекеттик борборду ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Жаңыл Алыбаеванын айтымында, «бирдиктүү терезе» ачылгандан кийин аялдар менен кыздар бардык зарыл болгон кызматтарды бир жерден алышат, тактап айтканда тергөө иш-чараларын жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү боюнча кызматтарды, юридикалык жана психологиялык жардам алышат.

Ошондой эле 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорун ишке ашыруу алкагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар