18:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын эл аралык резерви 3,3 миллиард долларга жетти

Январдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резервдери 3 миллиард 313,49 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.

 Бул Улуттук банктын тарыхында резервдердин эң жогорку көрсөткүчү.

Буга чейин рекорддук көрсөткүчтөр 2021-жылдын сентябрында (3 миллиард 241,14 миллион доллар) жана 2023-жылдын декабрында (3 миллиард 236,48 миллион доллар) катталган.

2024-жылдын январында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу эл аралык резервдер 77,01 миллион долларга өстү. Өткөн жылдын январь айына караганда алар 563,5 миллион долларга көбөйдү.

Улуттук банк резервдерди валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөр болгон учурда колдонот. 2023-жылы банк 14 интервенция жасап, 655, 72 миллион долларды сатыкка чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар