USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Кыргызстанда бир ай ичинде күйүүчү майдын бардык түрү арзандады

11:06, 08 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2024-жылдын январында былтыркы жылдын декабрына салыштырмалуу күйүүчү майдын бардык түрү арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Эгерде өткөн жылдын 31-декабрына карата республикада Аи-95 бензини орточо 71,36 сом болсо, ушул жылдын январь айынын аягына карата ал 2,37 сомго — 68,99 сомго чейин арзандады. Бирок 2023-жылдын январына салыштырмалуу 7,15 сомго кымбаттаган.

92-бензин 1,91 сомго арзандады — 63,73 сомдон 61,82 сомго чейин. Бирок өткөн жылдын биринчи айынан айырмаланып 6,24 сомго кымбат.

Дизель майы 2023-жылдын декабрына жана январына салыштырмалуу арзандады. Декабрдын аягында солярканын баасы 71,48 сом болсо, январдын аягында 69 тыйынга арзан сатылган, тактап айтканда 70,79 сомдон. 2023-жылдын январынан айырмаланып, анын наркы 3,74 сомго төмөндөдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика