00:48
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президенттин китеби изилдөө институттары менен Илимдер академиясына берилет

Президент Садыр Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» аттуу китеби 1 миң 500 нускада Билим берүү жана илим министрлигине келип түштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Улуттун жана мамлекеттин багыттуу жолун аныктаган, терең мааниге ээ болгон аталган китеп Кыргызстандын 72 илим изилдөө институттарына жана Улуттук илимдер академиясынын борбордук илимий китепканасына 20 даана берилет», — деп белгиледи министрлик.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Буга чейин китеп төрт бөлүктөн турары маалымдалган:

  1.  Жаңы Кыргызстанды түзүү идеясынын пайда болушу.
  2.  Өлкөнүн негизги идеологиялык багыттары.
  3.  Улуттук каада-салттар, өзгөчөлүктөр, элдин маданияты.
  4.  Корутунду.

Өткөн жылы аймактык китепканаларга жана өлкөнүн ар кайсы мекемелерине 41 миң нуска берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар