Робототехника боюнча мектеп окуучуларынын «Stem first» биринчи улуттук олимпиадасы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган олимпиадага 6 жаштан 16 жашка чейинки 160 окуучу катышты. 6 жаштан 10 жашка чейинки окуучулар FIRST LEGO League Explore категориясы, 10 жаштан 16 жашка чейинкилер FIRST LEGO League Challenge категориясы боюнча ат салышты.
Олимпиаданын жүрүшүндө кызыктуу робот мелдештери жана көрсөтмө оюндар өткөрүлүп, ар түрдүү категориядагы командалар инновациялык долбоорлорду презентациялашты жана коргошту.
«Олимпиаданын негизги максаты — технологиялык жана инновациялык сабаттуулукту өркүндөтүү, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, окуучулардын программалоо көндүмдөрүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында STEM мектеп жамаатын түзүү», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Европа Биримдигинин жана «Маариф» билим берүү комплексинин колдоосу менен уюштурулду.