23:53
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

Жогорку Кеңешке жаңы эки депутат келди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин жаңы эки депутатын каттады. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Парламент депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси Айсулуу Мамашовага берилди. Ал жасалма диплом чырына байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжановдун ордуна келди. Мурдагы депутат бул чечимге нааразы болуп, сотко кайрылган. Бирок анын талабы канааттандырылган эмес. Буга чейинки жыйында комиссия мүчөлөрү «Альянс» партиясынын мүчөсү Токтобүбү Оргалчаны да Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен берген арызынын негизинде чыгарышкан.

Бүгүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Эмил Жамгырчиевдин ордуна Элдар Абакиров депутат болуп катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар