Казакстандын Караганда-Балхаш трассасында 1-февралда Кыргызстандын мамлекеттик номурлары тагылган эки жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Казакстандын компетенттүү органдарынын нөөмөт кызматкерлеринин алдын ала маалыматы боюнча, бирөө каза болуп, дагы бирөө оор абалда ооруканага жаткырылды.
Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана зарыл болгон учурда жабыркаган Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү иштерин улантат.