09:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президент Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол федерациясын жетектөөнү сунуштады

Президент «Кабар» агенттигине берген маегинде Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогундагы көрсөткөн жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

Садыр Жапаровдун айтымында, мамлекет акыркы убактарда футболисттерге тиешелүү шарттарды түзүп берип, ырааттуу каржылоону баштады. Бирок дароо эле жыйынтык күтүү адилетсиз болуп калат.

«Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: «Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы» деп сунуш кылдым», — деди ал.

Өлкө башчысы машыктыруучудан көп нерсе көз каранды экенин белгиледи. Машыктыруучу ар бир көнүгүүнү кылдат жасатпаса, спортчунун жүрөгүнө жүк келтирип, ден соолугун бузуп алышы мүмкүн.

«Ошондуктан өз ишин жакшы билген машыктыруучу болуш керек. Ар бир футболчу оюн талаасында кайсы позицияда ойносо пайда алып келерин так көрө билиши зарыл. Ошол үчүн, азырынча, биз сырттан машыктыруучу алып келгенге мажбурбуз. Кудай буюрса, «Барселона» клубунун филиалы ачылып жатпайбы. Клуб өз жемишин 10-15 жылда бере баштайт. Бул клубду бүтүп чыккан балдарыбыз дүйнөлүк деңгээлде ойной башташат. Кийин бара-бара машыктыруучулук деңгээлге жетишет. Ошондо анан өзүбүздөн машыктыруучулар чыгат. «Үмүтсүз — шайтан» дейт. Үмүт үзбөшүбүз керек. Көк бөрү деле командалык оюн да. Келечекте футбол боюнча Кыргызстан бүгүнкү күндө күрөштө кандай жыйынтык көрсөтүп жаткан болсо, дал ошондой жыйынтык көрсөткөн деңгээлге жетет деп ишенели. Сабыр кылып тургула», — деп жыйынтыктады өлкө башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар