Президент Садыр Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы перинаталдык борбордун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Борбор Германия өнүктүрүү банкы менен «Эне жана баланы коргоо IV-V» долбоорунун алкагында кызматташуунун натыйжасында курулду.
Садыр Жапаров перинаталдык борбордун ачылышы энени коргоо жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча стратегиялык максаттарга жетүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Борбор кош бойлуу аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүчү жогорку технологиялуу мекеме болуп саналат.
«Өлкөбүздүн башкы байлыгы эл экенин эске алганыбызда, жаңы төрөлгөн ар бир баланын, ар бир кош бойлуу аялдын ден соолугуна ар тараптан көңүл буруу биздин негизги милдетибиз», — деди президент.
Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн борбордо жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен акыркы үлгүдөгү операциялык бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, люкс классындагы палаталар жана башка медициналык кызматтар эске алынган. Бул борбор бейтаптарды 2024-жылдын февраль айынан тарта кабыл ала баштайт.