19:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

PISA тестине даярдык көрүү боюнча материалдар интернетке жайгаштырылды

PISA тестине даярдык көрүү боюнча материалдар Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун расмий сайтына жайгаштырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

«Мугалимдер жана ата-энелер үчүн тесттердин түрү жеткиликтүү түрдө жайгаштырылган, аларды пайдалануу менен балдар менен чогуу PISA тестине даярдык көрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. 2025-жылы Кыргызстандын 15—16 жашка чейинки окуучулары PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышат. Ал эми мугалимдер окуучулардын функционалдык сабаттуулугун тынымсыз өнүктүрүүгө умтулушу керек, бул мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен түздөн-түз байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.

2025-жылы изилдөөгө катышуу үчүн кайсы мектептин окуучулары тандалып алынары белгисиз, андыктан өлкөнүн бардык мугалимдери жана окуучулары тесттерди билиши жана тапшырууга даяр болушу маанилүү.

PISA (Programme for International Student Assessment) — окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. 2025-жылы өтүлүүчү PISA сынагына болжол менен 100 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

Кошумча маалыматтарды ссылка аркылуу өтүп, алса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
10-октябрь, бейшемби