Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өлкө президенти Садыр Жапаров кол койду.
Анын кызматтан кетишинин себеби айтылган жок.
Буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунаа УКМКга жана президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маалыматты четке кагып, алардын балансында жетиштүү санда автоунаалар бар экенин билдирген.