05:22
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Былтыр Кыргызстанда 20 миңден ашык жолбун ит атылган

2023-жылы Кыргызстанда 20 миң 334 жолбун ит атылган. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов маалымат жыйында билдирди.

Буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Рамиз Алиев Бишкекте жолбун иттерди атууга 4,5 миллион сомдой каражат бөлүнөрүн билдирген. Ал эми иттерди кармоочу жайды курууга 60 миллионго жакын каражат керек.

«Мисалы, Америкада иттерди кармоочу жайларга акча коротушпайт, муну ыктыярчылар, ар кандай фонддор жасашат. Ал эми 4,5 миллион сомго гумандуу ыкмага өтүү... Бул каражаттарга биз азырынча ушундай системаны гана сунуштай алабыз», — деди ал.