Өткөн жылы Кыргызстанда малдын жугуштуу ооруларынын 86 очогу катталды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгү кутурма оорусу — 36 очок.
«Кутурманын алып жүрүүчүлөрү жырткыч айбандар болот. Бул карышкырлар, түлкүлөр. Алар айылдарга чейин келип, малга, адамдарга кол салышат. Кутурма ылаңы шилекей аркылуу жугат», — деди Бакыт Шарапов.
Мындан тышкары, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда күйдүргү оорусунун эки очогу аныкталды.
Республика боюнча жалпысынан күйдүргү ылаңынын 565 очогу катталган.
Ветеринардык кызматтын башчысынын орун басары белгилегендей, жылына жугуштуу ооруларды алдын алууга 87 миллион сом бөлүнөт. Каражаттар тогуз ооруга бөлүштүрүлөт. Алардын арасында күйдүргү, бруцеллез, кутурма, шарп жана башкалар бар.