18:31
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстан Палестинага гуманитардык жардам көрсөттү

Кыргызстан Палестинага гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме белгилегендей, президент Садыр Жапаров Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде согуштук аракеттер токтоосуз жүрүп жаткан Газа тилкесиндеги калктын кыйынчылыгын жеңилдетүү максатында Кыргызстан гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Кыргыз элинин атынан гумжардамды жеткирүүнү ӨКМ ишке ашырды. Азык-түлүк, ичүүчү суу, төшөнчү жана бут кийим түрүндөгү 5,5 тонна гуманитардык жардам Россиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлиги менен биргеликте Палестинага жеткирилди. Москва шаарынан учкан жүк ташуучу учак Газа тилкесине чектеш Египеттин аба майданына конуп, Кызыл Жарым ай коомунун ыктыярчыларына тапшырылган.

ӨКМ Газага карата Израил армиясынын абадагы жана жердеги куралдуу операцияларынан улам кеминде 23 миң адам каза табып, 57 миңден ашуун адам жаракат алганын кошумчалады. Бул сан күндөн -күнгө өсүүдө. Шаардын 60 пайыз инфраструктурасы кыйрап, качкындардын лагеринде тамак- аш, дары-дармек жана суунун жетишсиздигинен улам ачарчылык кескин түрдө күч алган. Ал эми Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму гуманитардык кризис аймакта жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келип жаткандыгын айтып, коңгуроо кагууда.

«Өз кезегинде Кыргызстан тараптардын тез арада сүйлөшүү жана түшүнүшүү жолу менен абалды жөнгө салып, бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип жаткан согуш токтойт деп ишеним артат», — деп кошумчалады мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар