15:31
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Европа комиссиясынын вице-президенти Маргаритис Схинас Кыргызстанга келет

Европа комиссиясынын вице-президенти Маргаритис Схинас 15-январда Бишкекке келет. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Маргаритис Схинас Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча Маргаритис Схинас менен Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йозефсондун катышуусунда басма сөз өкүлдөрү үчүн брифинг уюштурулат.

Эң көп окулган жаңылыктар