13:29
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президент ишкердикти текшерүүгө убактылуу мораторий киргизди

Президенти «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Анда белгиленгендей, мораторий ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында киргизилди.

Ишкердик субъекти тарабынан Кыргызстандын мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар эми муну кыла алышпайт.

Министрлер кабинети укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүү эрежелерин регламенттөөчү мыйзамынын долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыгып, Жогорку Кенешине киргизиши керек.

Башкы прокуратурага жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, ишкердикти текшерүүгө убактылуу мораторий 2023-жылы да киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар