03:30
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга келет

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан 9-январда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, иш сапар Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен болот.

«Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин бардык аспектилери талкууланат, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болот», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, сапардын жүрүшүндө биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун алтынчы жыйыны да өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар