16:53
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды чет элдик инвесторлорду алдабоого чакырды

Президент чет элдик инвесторлорду коргоо боюнча кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Садыр Жапаров Facebook баракчасында өз оюн билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе башташты. Албетте, бул кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын. Өлкө башчысы айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышканын белгиледи.

«Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө. Урматтуу мекендештер! Кыргызда «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат», — деди ал.

Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды.

Садыр Жапаров

«Инвесторлорго эскертүү: колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле. Ал эми урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле. «Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел» деген сыяктуу бюрократиялар болбосун. Ар бириңердин ишиңерге силердин аймакка келген инвестордун санынан жана көлөмүнөн улам баа беребиз», — деп жыйынтыктады президент.

Эң көп окулган жаңылыктар