14:20
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаровдун айтымында, биргелешкен аракеттердин аркасында ЕАЭБ өлкөлөрү макроэкономикалык туруктуулукту жана каржы системасынын бекемдигин камсыз кылды. Биримдиктин экономикасы жаңы шарттарга ийгиликтүү ыңгайлашып, туруктуу өсүү траекториясына чыкты. Азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана өздүк өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштер улантылууда. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда кооперациялык кызматташтык активдешип, электрондук соода активдүү темп менен өнүгүүдө.

Ошону менен бирге, дүйнөдө экономикалык өнүгүү боюнча болжолдоолор анчалык оптимисттик эмес. Президент ошондуктан биримдиктин интеграциялык процесстерин тереңдетүү боюнча биргелешкен ишти улантуу зарыл деп эсептейт:

  • товарлардын, жумушчу күчүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана капиталдын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу;
  • бардык ченемдик боштуктарды жана биримдиктин укугунда каралбаган контролдун жашыруун түрлөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу;
  • навигациялык пломбалар астында жүрүүчү биримдиктин товарларына карата тыкыр кароо иш-чараларын жүргүзүүгө жол бербөө жөнүндө ченемдерди бекитип, башкача тыкыр кароо иш-чараларын товарлар жеткирилген жерде гана жүргүзүү;
  • товарларын көзөмөлдөө жана маркировкалоо системасын толук кандуу ишке киргизүү;
  • биримдиктин тышкы чек арасында гана эмес, ички чек араларда да өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү;
  • биримдиктин ичинде транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү;
  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы ички өткөрүү пункттарын реконструкциялоо жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
  • электрондук товардык-коштоочу документтердин бирдиктүү форматтарына жана түзүмдөрүнө өтүү;
  • ушул жылы ишке киргизилген жаңы маалымат берүү тармагында интеграцияланган маалыматтык системанын ишин камсыз кылуу жана электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен жалпы процесстерди ишке киргизүү;
  • кооперациялык долбоорлорду колдоонун финансылык механизмдери менен катар чакан экономикасы бар өлкөлөрдүн өнүктүрүү институттарынын долбоорлорду даярдоо жана тандоо жагында потенциалын жогорулатуу боюнча натыйжалуу механизмдерди кароо;
  • «эмгекчи» түшүнүгүн кеңейтип, ага өз алдынча иштегендер, дистанциялык жана платформалык кызматкерлер сыяктуу башка категориядагы жактарды да кошуу;
  • Евразиялык тармактык университеттин жана кесиптик орто билим берүү программаларынын ишин өнүктүрүү.
Эң көп окулган жаңылыктар