Садыр Жапаров УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент 1988-жылы курулган УКМКнын Нарын башкармалыгынын имаратына 35 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тартылып, жалпысынан 2 миң чарчы метр аянты толугу менен оңдолуп, 500 чарчы метрден ашык кошумча курулуш курулду. Ошондой эле жайкы споттук аянтчалар салынды.
Ал буга чейин кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пунктунда болгонун белгиледи. Көзөмөл-өткорүү пункту «Бажы инфратүзүмү» мамлекеттик ишканасынын балансына алынып, ремонттон кийин пайдаланууга берилди.