01:22
USD 85.80
EUR 93.14
RUB 0.88

Садыр Жапаров Нарындагы «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты

Президент Садыр Жапаров Нарын облусундагы жаңыланган «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көзөмөл өткөрүү пункту 1993-жылы Кытайдын колдоосу менен курулган. Объекттер ыңгайсыз жайгашып, машина токтотуучу жайлар дээрлик каралган эмес. «Торугарт-2» комплекси реконструкциялоого муктаж болчу.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Бүгүнкү күндө «Торугарт-2» комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты кыймыл тилкеси, жабык, жылууланган ангарлар орнотулуп, бир эле учурда алты транспорт каражатына карата бажы көзөмөлү жүргүзүлөт. Мындан тышкары, өткөрүү пунктунун аймагын жакшыртуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн эски курулмаларды жана имараттарды бузуу, андан ары кошумча токтотуучу жайларды орнотуу, өткөрүү пунктунун аймагынын чегинде транспорт каражаттарынын кыймылынын схемасын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар аткарылууда.

Президент өткөрүү пунктунун жакшыртылган инфраструктурасы толугу менен керектүү стандарттарга жооп берип, чек арадан өтө турган унаалар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшү керектигин белгиледи. Ал келерки жылдын жаз айларынан тарта жумуш убактысын 24/7 схемасы боюнча көбөйтүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы автоматташтырылган бажы тутумдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырып, чек арачылар үчүн реконструкцияланган жатакананын имаратын көрүп чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар