Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда коомдо оройлукка, агрессияга жана ырайымсыздыкка орун болбошу керектигин билдирди.
Делегаттардын алдынада сөз сүйлөп жатып, Садыр Жапаров аялдарга жана балдарга карата зомбулук дүйнөдөгү көптөгөн коомдор, анын ичинде Кыргызстан дагы туш болгон көйгөй экенин белгиледи.
«Бул чектен чыккан көрүнүш. Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам же мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголушу кажет. Эзелтен эле энени, аялзатын урматтоо кыргыз элинин өзгөчөлүгү, маданий жана социалдык нормаларынын маанилүү бөлүгү болуп келген, мындан ары дагы ошондой калышы керек», — деди ал.
Перзидент аял затын коргоого, урматтоого чакырып, ар бир наристеге кам көрүүнүн, улуу муунга өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын белгиледи.