00:06
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Баткен облусунда 30га жакын социалдык объект ачылды

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ошол эле маалда онлайн форматта Баткендеги 30 социалдык объектинин ачылышы болду:

  • сегиз мектеп;
  • төрт бал бакча;
  • төрт ФАП;
  •  жалпы дарыгерлер борбору;
  • УКМК башкармалыгынын имараты;
  •  спорт зал;
  • музей;
  • он бир скважина;
  • эки тигүү цехи;
  • ирригациялык объект;
  •  курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана.

Президент Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жылына 500 миллион сом акча каражатын бөлүү каралганын айтты. Буга чейин 62 айыл чек арада өзгөчө статуска ээ болгон болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 92ге жетти. Өзгөчө статус алган айылдын тургундарына 2022-жылдын 1-мартынан тартып жөлөк пул алуучулардын үй-бүлөсүндөгү ар бир балага 1 миң сомдон кошумча төлөм төлөнөт. Чек арада туруктуу жашагандардын пенсиясына 2 миң сомдон кошулду.

Эң көп окулган жаңылыктар