06:59
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Ысык-көлдүн жайлоосунда кар күрткүдөн чыга албай калган туристтер куткарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кар күрткүдөн чыга албай калган казакстандык үй-бүлөнү куткарышты. Бул туурлауу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Ысык-Көл облусунда болгон. Беш адамдан турган үй-бүлө Ак-Суу районунун жайлоосуна бара жатып, унаасы кар күрткүгө тыгылып калган. Жерине барган кызматкерлер аларга жардам беришти.

ӨКМдин тоо кырсыктарынан куткаруу кызматы жана Ак-Суу райондук бөлүмүнүн куткаруучулары туристтердин машинесин авариялык-куткаруучу унаанын жардамы менен сүйрөп чыгарып беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар