11:51
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Президент радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчысы коомдук аң-сезимдин калыптанышына радио жана телекөрсөтүү өкүлдөрүнүн кошкон салымын белгиледи.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет. Алар руханий жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын калкыбыздын калың катмарына жеткирүү үчүн алмаштыргыс каражат болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Ал бул тармактын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын алдында күн сайын өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды кесиптик жоопкерчилик менен чагылдыруу милдети турарын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар