Бишкекте автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден аялды коюп кетип, ал каза тапты. Маалыматты 24.kg агенттигине милициянын Кайгуул кызматынан тастыкташты.
Белгиленгендей, жол кырсыгы кечээ күнү болгон. № 38 жүргүнчү ташыган автобус Лермонтов көчөсүнөн Көлбаев көчөсүнө бурулуп жатып, жолдон өтүп бара жаткан аялды коюп кеткен.
Жабырлануучуну тез жардам кызматы ооруканага жеткирип, ал көз жумду.