21:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кургак учук менен күрөшүү. Глобалдык фонд Кыргызстандын өтүнмөсүнө кол коёт

СПИД, кургак учук, безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун гранттык каражатын алууга Кыргызстандын өлкөлүк өтүнмөсүнө кол коюлат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликте Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруу үчүн даярдык көрүү боюнча жыйын өттү.

Кеңешме саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Садырбаева, Айбек Маткеримов, Глобалдык фонддун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Думитру Латичевскинин, программалык кызматкери Вира Землянсканын катышуусунда өттү.

АИВ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитеттин курамы, долбоордун кийинки ишке ашыруу мезгилине даярдыгын баалоо, анын ичинде күтүлбөгөн кырдаалдарды пландаштыруу талкууланды.

Министр Глобалдык Фонддун мүчөлөрүнө өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар документке кол коюу жана жыйынтыктоочу жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашты.

Белгилей кетсек, сентябрь айында Глобалдык фонд СПИД менен күрөшүү үчүн каржылоону токтоткону белгилүү болгон. Себеби Женевадагы Глобалдык фонддун 2024-2026-жылдарга карата өлкөлөрдүн өтүнмөлөрүн талкуулоо боюнча жыйынына Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү барбай калган. Фонддун аймактык менеджери Думитру Латичевский Кыргызстандын арызы боюнча сүйлөшүүлөр токтотулганын билдирген. Ага чейин Глобалдык фонд 2026-жылга чейин өлкө үчүн 27,8 миллион доллар акча бөлүүнү колдогон болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар