Президент Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Садыр Жапаров жана Сухейль Аль-Мазруи соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров БАЭде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө алдыңкы тажрыйба жана демилгелер бар экенин белгилеп, саммитте көтөрүлгөн маселелер жакын арада өз жыйынтыгын берерине ишеним билдирди.
Ал Кыргызстан БАЭ менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын Энергетика министрлиги, «Масдар» компаниясы жана француздук «Электрисите де Франс» компаниясынын ортосунда үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу гидроэнергетика тармагындагы кызматташуу үчүн абдан кызыктуу перспективаларды ачат.
Садыр Жапаров жакынкы аралыкта Кыргызстанда ишке ашырыла турган биргелешкен долбоорлорду дыкат макулдашып, аныктап алуу жакшы болоруна токтолду.
Кыргызстандын энергетикалык потенциалы чоң, бирок бүгүнкү күндө суу-энергетикалык потенциалдын колдонуу пайызы 13 гана пайыз. Жашыл технологияларды кеңири колдонуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жана өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Сухейль Аль-Мазруи энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу маселелерге кеңири токтолду, анын ичинде «Масдар» компаниясы менен да.
Ал долбоор ийгиликтүү ишке ашып, Кыргызстанга ири инвестиция алып келээрине ишенимин жана Дубай тараптын энергетика тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана зарыл консультацияларды берүүгө даяр экендигин белгиледи.