Баткен облусунун Кадамжай районунда Лениндин эстелиги алынды. Бул тууралуу журналисттерге райондун акими Кутпидин Шакиров билдирди.
Дүйнөлүк пролетариаттын башчысынын эстелиги борбордо, райондук администрациянын алдында турчу.
Аким белгилегендей, эми ал жерде Кадамжай районунан чыккан белгилүү адамдардын эстелиги орнотулат.
Кутпидин Шакировдун айтымында, Лениндин эстелиги сурьма комбинатынын административдик имаратынын алдына көчүрүлөт.