17:35
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Депутат тууну гана эмес, гимн жана гербди дагы өзгөртүүнү сунуштап жатат

«Жакында Кыргызстандын герби менен гимнин дагы өзгөртүүгө туура келиши мүмкүн», — деди депутат Нурланбек Азыгалиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана регламент боюнча парламенттик комитеттин жыйынында.

Анын айтымында, көптөгөн жарандардан гимнди алмаштыруу сунушу түшүүдө.

«Бул убакыттын талабы, 30 жыл мурун адамдарда визуализация башкча болгон. Балким, гербге дагы өзгөртүү киргизүүгө туура келиши мүмкүн. Анда пахта көрсөтүлгөн. А эгер бизде пахта өспөй калса, анда өзгөртүүгө жол ачылып калышы ыктымал», — деди ал.

Депутат Дастан Жумабеков кесиптештерине бул маселени референдумга алып чыгууну сунуштады.

«Сиз бул мыйзам долбоорунда чоң өзгөртүүлөрдү киргизип жатасыз. Депутаттар аны кабыл алышы мүмкүн, бирок элдин пикирин да угуш керек. Биздин аң-сезимибиз бул тууга көнгөн. Аны өзгөртүү биз үчүн оор болуп жатат. Менин өзүмдүн оюм боюнча, мен азыркы туубузга көбүрөөк ынанып жатам. Аны менен 32 жыл жашадык», — деди депутат.

Долбоордун демилгечиси Улан Примов биринчи туу референдумсуз кабыл алынганын эске салды.

Эң көп окулган жаңылыктар