Үч жылдын ичинде Бишкекти газдаштыруу толугу менен аяктайт. Бул тууралуу бүгүн брифингде «Газпром Кыргызстандын» башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы мэрия менен жол картасына кол коюлган, анын алкагында борборду газдаштыруу пландалууда.
Көгүлтүр от ушул жылдын аягына чейин жаңы конуштарга берилет:
- «Ак-Тилек»;
- «Ак-Тилек-2»;
- «Ак-Тилек-Турбаза»;
- «Бакай-Ата»;
- «Ала-Арча»;
- «Жогорку Көк-Жар»;
- «Товарная»;
- «Попеновка»;
- «Төкөлдөш».
Мындан тышкары, компаниянын маалыматы боюнча Новопавловка жана Селекция айылдарда иштер жүргүзүлүүдө. «Ак-Босого» жаңы конушун газдаштыруу боюнча да иштер улантылууда.