04:18
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясы Самарканд шаарында өтөт

2025-жылы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясы Өзбекстандын Самарканд шаарында өтөт. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул аталган иш-чара акыркы 40 жылдан бери Парижден башка шаарда өткөн алгачкы учур болуп калат.

ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясын Самарканд шаарында өткөрүү сунушу Франциянын баш калаасындагы 42-сессияда колдоо тапты.

Сентябрдын башында Өзбекстан президентинин жардамчысы Саида Мирзиёева өлкө ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясын Самаркандда кабыл алууга даяр экенин билдирген.

ЮНЕСКОнун бул сессиясы 1985-жылы Болгариянын борбору София шаарында өткөндөн бери туруктуу түрдө Башкы конференциянын Париждеги штабында уюштурулуп келген. Буга сессияларды өткөрүү боюнча башка өлкөлөрдөн сунуш түшпөгөнү себеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар