Ысык-Көл облусунун Түп районунда изделип жаткан карыянын сөөгү Түп суусунан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иштери үчүн дрон колдонулган.
Эске салсак, 17-ноябрда 78 жаштагы жергиликтүү тургун үйүнөн чыгып, кайтып келген эмес.
Жаранды издөө иштерин куткаруучулар жана туугандары жүргүзүшкөн.

