Төлөгөн тегин Семетей Москвада өткөн шахмат боюнча Эл аралык чемпиондор лигасынын А тайпасында биринчи орунду алды. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагында Шахмат федерациясы билдирди.
Турнирге Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Россиядан 10 оюнчу катышты.
10 турдун жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчу 6,5 упай топтоду. Анын атаандашы 5,5 упай алды.
Экинчи орунду FIDE мастер — Дмитрий Ростовцев, үчүнчүнү Денис Хайруллин алды (экөө тең Москва шаарынан).