20:07
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Нарындын соода борборунда кезекте турган эркек киши кызга кол көтөргөн

Нарындын соода борборунда кезекте турган эркек киши кызга кол көтөргөн. Видео социалдык тармактарга тарады.

Нарын ички иштер башкармалыгы билдиргендей, окуя 14-ноябрда саат 10:40 чамасында болгон. Жабыркаган кыз 102 кызматына чалып, ага белгисиз эркек кол көтөргөнүн айткан.

Маалыматка ылайык, банкоматка кезекте турган кыз менен эркектин ортосунда чыр чыккан. Андан кийин ал кызды бетке муштап, башына бир нече жолу уруп жиберген.

Алынган дене жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүү жүрүп жатат.

Шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал Нарын районунун Орто-Нур айылынын 1992-жылы туулган С. уулу Ж. аттуу тургуну болуп чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума