19:23
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкекте 45 кабаттуу мейманкана курулат

Президент Садыр Жапаров өлкө тарыхындагы биринчи көп функциялуу Manas Tower 45 комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында алгачкы ирет курулуп жатканы белгиленди. Аны ишке ашырууга президентинин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2,5 — 3 жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмо болот.

«Ондогон кылымдарды карыткан ата-бабаларыбыз бизге эгемендикти мурас кылган. Өз кезегинде өсүп келе жаткан муун керемет Кыргызстаныбызды аздектеп, сакташы керек. Биз бабалардын аманатын аткарып, өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет куруп, урпактарга өткөрүп берүү боюнча асыл максаттарын аткарабыз деп бекем ишенебиз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, бүгүнкү күнү өлкөдө курулуш тармагы ыкчам өнүгө баштады. Мамлекеттик саясат кайсы гана тармакта болбосун, инвесторлордун ийгиликтүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт алды, бул үчүн ар кандай преференциялар — жеңилдиктер берилүүдө. Ал өлкөбүздө ички туризм менен кошо тышкы туризм да өсүп жатканын кошумчалады. Бизнес жана ишкерлик жаатындагы кызматташуунун географиясы да кеңейүүдө.

Мамлекет башчысы комплекс заманбап дизайны менен айырмаланып шаарыга көрк берип, борборго келген меймандар үчүн ыңгайлуу шарттары бар жайлуу имарат болот деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров долбоорго ылайык имараттын эң үстүндө тикучак жана панорама аянтчасы болорун, калаа тургундары менен меймандарына 200 метрден ашуун бийиктиктен Бишкектин кооздугуна суктанууга мүмкүнчүлүк тартуулай турганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума