22:09
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

52 килограммга жакын алтын куймалары менен чет элдик жаран кармалды

Чет элдик жаран 52 килограммга жакын 999,9 үлгүсүндөгү алтын куймалары менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Коррупциялык схемаларды жоюу, контрабандага жана көмүскө каражаттарды адалдоого багытталган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу алтын куймаларын системалуу түрдө контрабандалык жол менен алып өтүү фактылары тууралуу маалымат алынган.

«Чет элдик жеке ишкерлер материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу, алтын куймаларын кайра сатуу максатында контрабандалык жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушкан», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы. Алынган алтын куймалары

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума