02:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Айгүл Жапарова климаттын өзгөрүшүнө арналган форумга катышты

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкент шаарында «Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү — балдар жана жаштар иш-аракетте» аттуу эл аралык форумга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

президенттин басма сөз кызматы
Фото президенттин басма сөз кызматы

Иш-чарага Өзбекстандын, Түркиянын, Ирандын биринчи айымдары катышты.

Айгүл Жапарова Кыргызстан климаттын өзгөрүү маселелерин чечүүгө балдарды жана жаштарды тартууга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Бул иш системалуу түрдө жүргүзүлүүдө жана өнүгүүнүн улуттук стратегиялык документтеринде чагылдырылган.

Ал республиканын 2020-2030-жылдарга карата жаштар саясатынын концепциясына ылайык артыкчылыктуу көңүл төмөндөгүлөргө бурулушу керектигин белгиледи:

  • жаштарга адамдык өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
  • жаштарды мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн негизги ресурсу катары калыптандыруу;
  • саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө жаштардын демилгелерин колдоо;
  • жаш жарандардын өз ден соолугуна, ата-бабаларынын мурасына, курчап турган дүйнө менен өз ара мамилелерине карата жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга.

Биринчи айым балдар жана жаштар климаттын өзгөрүшүнө башкаларга караганда аярлуу гана эмес, ошондой эле улуттук климаттык максаттарга жетүүдө маанилүү катышуучулар экенин белгиледи.

«Өлкөбүздүн аймагынын жарымынан көбү 1 миңден 3 миң метрге чейинки бийиктикте жайгашкан жана бийик тоолуу аймактардын жашоочулары туш болгон кыйынчылыктар бизге жакшы белгилүү. Климаттын өзгөрүшүнө, суу ресурстарынын тартыштыгынын күчөшүнө, жердин деградациясына жана табигый кырсыктарга байланыштуу тоолуу өлкөлөр олуттуу тобокелчиликке дуушар экени ачык көрүнүп турат», — деди Айгүл Жапарова.

Ал кыргыз тарап климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана тоолуу аймактарда аларга ыңгайлашуу боюнча аракеттерге эл аралык коомчулуктун колдоосун кубаттай турганын белгиледи. Кыргызстан өз ишин улантып, эл аралык коомчулуктун өзгөчө көңүлүн талап кылган тоолуу мамлекеттерди коргоонун жана колдоонун демилгечилери болуп кала берет.

«Биздин аракетибиз менен 2022-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясы кабыл алынган. Биздин демилге боюнча бул резолюция 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыяланган», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар