16:40
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Ташкенттен Парижге. Садыр Жапаров кайрадан иш сапарга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров 9-11-ноябрда Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, президент Эммануэль Макрондун чакыруусу менен Париж тынчтык форумунун алкагындагы «Бир планета» саммитине катышуу үчүн Францияга жөнөп кетти.

«Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат. Ал Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) башкы катчысы Матиас Корман, Франциянын энергетика тармагындагы «Électricité de France» жана «Total» компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», — деди Муратбек Азымбакиев.

Ошондой эле биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 8-9-ноябрда иш сапары менен Ташкент шаарында болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума