15:00
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Садыр Жапаровдун кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров бүгүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«Урматтуу мекендештер! Ар бир элдин басып өткөн тарыхы, тили жана маданияты ошол элдин бүгүнкү, эртеңки жашоосу үчүн өтө маанилүү. Анткени, ошол тарых-таржымалы менен байтүп мамлекеттин келечеги калыптанат, андан ары өнүгүп-өсөт.

Эгемен Кыргызстандын эли үч миң жылдан ашуун тарыхы бар дүйнөдөгү эң байыркы элдердин катарына кирет. Адамзат тарыхындагы далай кыргын-талоон согуштарга карабай, өз жүзүбүз, эне тилибиз, нарк-насилибиз жана даңазалуу тарыхыбыз менен сакталып келе жатабыз. «Манас» эпосунун 1000, Ош шаарынын 3000 жылдыгы да жөн жерден эле чыга калган эмес, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдар тактап, барктап, баалап бекитип берген.

Биз 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары расмий белгилеп келебиз. Өтмүшү менен маани-маңызы миңдеген жылдарга барып такалган бул эскерүү күндөрү кыргыз элинин ондогон кылымдарды карыткан тарыхындагы тагдыр чечер өтө орчундуу учурлардан өтүп, бүгүнкү көз карандысыз мамлекет катары өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн мезгилине чейинки окуяларды камтыйт», — деп айтылат маалыматта.

Анын айтымында, өткөндүн күбөсү, тирүү эстелик катары тарых тандырбайт. Илимге «Орхон-Энесай жазуулары» деген аталыш менен кирип, кезегинде Улуу Кыргыз каганаты катары (IX-X кылымдар) Евразияны титиретип, ооматыбыз жүрүп турган тарыхыбыздын бир үзүмүн чагылдырган жазуулар ага айкын күбө. Ошол эле илимде бери дегенде эле үч миң жылдык тарыхыбыз кашкайта жазылып турат.

«Кайың барбы кыргыз балта чаппаган... Кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган» деген жүрөктү эзген саптар да тегин жеринен жаралган эмес. Азыркы эгемендигибиз «Манас» дастанында айтылган, доорлордон бери эңсеген тилегибиз болгон. Ак мөңгүлүү Ала-Тоону каны-жаны менен коргоп, бүгүнкү муундарга мураска калтырган ата-бабаларыбызга миң мертебе таазим!

Бүгүнкү мамлекетибизди Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү интеллигенциябыздын өкүлдөрү түптөп кеткенин эч качан эсибизден чыгарбайбыз. Тилекке каршы, кайран кишилер кандуу репрессиянын курмандыгы болушкан. Ошондон улам, 7-ноябрь дал ушул саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет», — деди ал.

Президент кийинки жылы элибиздин туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгилене тургандыгын билдирди.

«Тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес деп айтылат. Калети жок таасын сөз. Анын сыңарындай, эртеңки жаркын келечегибиз үчүн ар бир кыргыз жараны өз тарых-таржымалын так билип, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мамлекетибизди көздүн карегиндей сакташы абзел», — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума