04:34
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Өздөрү күн карама. Депутат мамлекеттик туунун өзгөртүлүшүнө каршы чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо мамлекеттик желекти өзгөртүү демилгесине каршы чыкты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал социалдык тармактарда коомчулук киргизилген өзгөртүүлөргө каршы болуп жатканын белгиледи.

Биз башка жумуштарды жасайлы. Желекке тийбейли.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо

«30 жылдан бери мамлекеттин эн тамгасы болгон — күндүн нуру. Оттун, жалындын белгиси. Аны өзгөртүп койсок, уйгак болуп калат. Биз башка манилүү иштер менен эмес, туубуз менен алектене турган болсок, эл бизди кечирбейт», — деди депутат.

Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин трибунасыда өлкөнүн мамлекеттик символу качан кабыл алынганын жана ал эмнени билдирерин айтып берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Спикер Нурланбек Шакиев туунун авторлору менен жолукканын билдирди.

«Алар өздөрү дагы мамлекеттик тууну тааныбай калдык, мындай эмес болчу деп айтып жатышат. Түндүктүн кандай турганын өзүңүз көрүңүз. Сиз кыргыз элементтерин жакшы билесиз. Таптакыр башкача. Биз аны баштапкы калбына келтирүүнү эле максат кылып жатабыз. Эч кандай өзгөрүү болбойт», — деди Нурланбек Шакиев.

Тууну ким күн карама деп жаткан болсо, ошолор өздөрү күн карама.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо

«Күн тийген жердин күкүгүндөй ким эмне десе ошонун айдагына айдалып, байрагына байланып келгендер ошентип айта берет», — деди Мирлан Самыйкожо.

Эске салсак, тууну өзгөртүүнү спикер Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов демилгелеп жатат. Алардын айтымында, бүгүнкү күнү туунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурунун кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болуп жатат.

«Туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Эң көп окулган жаңылыктар