Бишкекте троллейбустардын каттамы кайрадан убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирди.
Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйынына байланыштуу транспорт 8:00дөн 12:00гө чейин каттабайт.
Эскерте кетсек, 25-27-октябрда Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет. Чүй проспектиси боюнча Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки, Абдрахманов көчөсү боюнча Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки жолдор убактылуу жабылат.
23-27-октябрь күндөрү Бишкекте Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын расмий сапары, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэнин жумушчу сапары , КМШ, Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыныны болот.